Раззаков шаарында муниципалдык мал базар курулду

0
429

Облустук бийликтин маалыматында, Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында  архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берген муниципалдык мал базардын курулушу аяктады.

Учурда  бастырмаларды куруу, астына асфальт төшөө иштери аяктап, административдик жана чарбалык имараттар курулуп, таза суу түтүктөрүн жана электр чубалгыларын тартуу, жарыктандыруу, базарга кирүү жана чыгуу жолдору жасалып, айланасы бетон тосмолору менен тосулду.

Курулушка жалпы облусту өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 15 млн  сом,  Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен  6 млн 700 миң сом  жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 654 миң  сом  каржыланды.

Мал базар бүгүнкү күндө пайдаланууга берүү алдында турат. 

Негизи  “Муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн мэриядан алты гектар жер ажыратылып, долбоорго ылайык алдыда бул аймакта  унаа базар, чөп базар, дыйкан базар жана унаа токтоочу жайлардын курулушу да пландалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь