Лейлек районунун Кара-Суу айылынын тургуну Разия Темирбаева өзүнүн эмгекчилдиги жана демилгелүүлүгү менен көптөргө үлгү болуп келет. Ал “Аялдар тынчтык тиреги” долбооруна катышып, жаңы билимдерди алып, чакан грант аркылуу тигүү машиналарын алган. Бул мүмкүнчүлүк анын ишмердүүлүгүндө жаңы барак ачып, чоң ийгиликтерге жетүүгө өбөлгө түздү.
«Бул долбоор мага ишкердик жөндөмдөрүмдү өнүктүрүүгө жана жаңы максаттарды коюуга жардам берди. Биз чыгарган товарлар эми аймактын башка айылдарына да жеткирилип жатат. Бул мен үчүн чоң жетишкендик«, – дейт Разия айым.
Бул долбоор Роза Отунбаеванын фондунун колдоосу менен ишке ашып, жергиликтүү аялдарга ишкердүүлүктү үйрөнүүгө жана өз келечегин бекемдөөгө шарт түздү. Разия Темирбаева азыркы учурда тигүү өнөрүн гана өнүктүрбөстөн, башка аялдарга да жардам берип, аларды ишкердик менен камсыз кылууга активдүү аракеттерди көрүүдө. Айылдык аялдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана алардын таланттарын эл аралык деңгээлге чыгаруу – анын негизги максаттарынын бири.
«Биздин келечектеги пландарыбыз чоң. Жергиликтүү ишкерлерди колдоо аркылуу айылдарда жумушсуздукту азайтууга жана өзгөчө чет элдик базарларда атаандаш боло ала турган өнүмдөрдү чыгарууга умтулабыз», – деп бөлүшөт ал.
Разия айымдын тынымсыз аракеттери Кара-Суу айылынын гана эмес, жалпы Лейлек аймагындагы аялдардын ишкердүүлүгүнүн өсүшүнө чоң түрткү берүүдө. Анын демилгелери тынчтыкты бекемдөөнүн жана экономикалык өнүгүүнүн мыкты мисалы болуп саналат.