Радио жана телкөрсөтүү кызматкерлеринин күнү

0
1692

Бүгүн өлкөдө радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Статистика боюнча жыл башына карата  республиканын аймагында 177 көз карандысыз телерадиокомпания катталган.

2021-жылдын башына карата республикада 130 телерадиоберүү каналы иш жүргүзгөн.

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматында 2021-жылы Интернет-телекөрсөтүүнүн абоненттеринин саны 2017-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, 39 миңден ашкан, ал эми санариптик берүүлөрдүн саны бул мезгилдин ичинде 1,2 эсеге өсүп, 20 миңден ашкан.

1958-жылы 8-декабрда кыргыз тилиндеги алгачкы телеберүү обого чыккан. Бул күндүн урматына радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү 1995-жылы 23-декабрда Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан расмий түрдө негизделген жана биринчи жолу 1996-жылы белгиленген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь