Бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери “Дааназат” Коомдук фондунун өрт коопсуздугун текшерип түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аталган түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Дааназат коомдук фондунун кеңсесиндеги техникалык коопсуздуктар да текшерилип, мүчүлүштүктөр жеринен чечилди. Мындан сырткары, фонддун кызматкерлерине өрттүн алдын алуу чаралары тууралуу да маалыматтар берилди.







