Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарында 33-жайкы олимпиада оюндарынын катышуучуларынын салтанаттуу тосуп алуу иш чарасы өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Парижде өткөн Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларга жана байге ээлерине акчалай сыйлыктарды жана унааларды тапшырды.
Кыргызстан бул ирет жалпысынан алты медаль — эки күмүш, төрт коло утту. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңди, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков, 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль жеңди.
Париждеги Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин өттү.






