Облустук милициянын маалыматына караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ушул жылдын 2-апрель күнү Ош шаарынын убактылуу жашоочусу 61 жаштагы аял жана анын 33 жаштагы кызы жашаган үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан.
Буга байланыштуу издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалым болгон.
Баткен ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн 33 жаштагы жаран Баткен шаарынан 4-апрель күнү аныкталып табылды.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.