Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

0
642

Муфтияттан билдиришкендей, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош– Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты.

«Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүп, жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын», — деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, аталган Ош — Ноокат жолунда бир канча жолу сел жүрүп, айрым жерлерде үйлөргө чейин сел каптап, оор жоготууларга дуушар болушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь