Орусияда кыргыз мигранттары массалык ууланган окуя катталды

0
2307

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы массалык уулануу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Концеляриясынын маалыматына ылайык 27 кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарына курулуш иштерин аткаруу үчүн Лахт-Центрге келишкен.

Алар иш берүүчү «Прайдекс» ишканасы тарабынан жатакана жана 3 маал тамак менен камсыз кылынган.

Ууланган 27 жаран азыркы учурда ооруканада дарыланып жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.Тийиштүү адистер тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган.

Кыргыз Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бул окуянын бардык жагдайларын такташууда-деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь