Орусия-Ысык-Көл аба каттамдары уюштурулду

0
589

10-июндан тарта Ысык-Көл облусунун Тамчы  аэропортуна, Орусиядан учактар түз каттай баштайт.

Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Орусиянын «Аэрофлот», «Урал аба жолдору» жана S7 Airlines авиакомпаниялары Москва, Екатеринбург, Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарларынан  каттап башташат.

Орусия жарандарынын арасында Ысык-Көлдө эс алууну каалаган туристтердин саны өсүүдө деп белгиленет, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь