Билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, аларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу максатында Баткен районунун 9 айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда “Ден соолук” спартакиадасы болуп өттү.
Мелдеш спорттун эки түрү боюнча волейбол жан шахмат оюндары өткөрүлдү.
Бул иш чарага 9 айыл өкмөтүнөн 9 команда катышты. Жыйынтыгында эркектер арасында өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште 1-орунду З. Ормонов атындагы орто мектеби, 2-орунду С. Кожобаева атындагы Самаркандек жатак-гимназия мектеби, 3-орунду Токтогул атындагы орто мектебинин командалары камсыз кылышып I, II, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ал эми аялдар арасында өткөрүлгөн волейбол оюнунда 1-орунду З. Абдукаримов атындагы орто мектебинин, 2-орунду Токтогул атындагы орто мектебинин, 3-орунду Жаңы-Жер башталгыч мектебинин командалары камсыз кылышып, диплом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ал эми спорттун шахмат түрү боюнча 1-орунду Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими Манас Каримов, 2-орунду М. Салихов атындагы орто мектебинин мугалими М. Абдуллаев, 3-орунду Таш-Тумшук орто мектебинин мугалими С. Беркбаевдер камсыз кылышып диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.