Милиция такталбаган маалыматтар өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн экендигин эскертет

0
531
Concept of sending e-mails from your computer

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги учурда интернетте чек арадагы кагылышуу тууралуу бурмаланган жана так эмес маалыматтар таратылып жатканын билдирет.

Мындай бурмаланган жана орунсуз маалыматтардын кесепети өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн. Буга байланыштуу, ИИМ жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү, жалган жана туура эмес маалыматтын жайылышына жол бербөөнү, ушактарды көбөйтпөөнү, расмий мамлекеттик органдардын ишенимдүү булактарына же комментарийлерине гана таянууну суранат.

“Социалдык тармактардын колдонуучуларына чыр-чатактын күчөп кетишине жана анын курчушуна жол бербөө үчүн терс комментарийлерден алыс болууну сунуштайбыз. Муну менен бирге жарандарга активдүү жарандык позициясы жана кырдаалды турукташтыруу маселелеринде көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ 21-сентябрда кечке маал “Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймактарында абал кайрадан курчуду” деген такталбаган маалыматтар тарап, элдер үйлөрүн таштап качкан. Кийинчерээк бул маалыматтар туура эмес экендиги боюнча Баткен облусунун башчысы маалымат берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь