Милиция окуучулар менен ата-энелерге диний экстремизм менен терроризмдин кесепеттерин түшүндүрүүдө

0
708

Кадамжай райондук милициясы Майдан айылындагы орто мектептерде окуучулардын ата-энелерин чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйында экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу, топтошуп мушташууларга жол бербөө, улуттар аралык достукту чыңдоо боюнча маалыматтар айтылып, мыйзамдарда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтир тууралуу маалыматтар айтылды.

Иш чаранын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо.
Ошондой эле милиция кызматкерлери эгерде, кимдир-бирөөлөр экстремисттик жана террористтик багытка чакырык жасаган учурда жакынкы милиция бөлүмдөрүнө же 102 телефону аркылуу кабар берүүнү айтышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь