Милиция Кадамжайда зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

0
572

Кадамжай районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка караганда,  түшүндүрүү иштерин милиция менен биргеликте айыл башчы, соцпедагогдор жана аксакалдар кеңешинин төрагалары жүргүздү.

Милициянын маалыматында, Кадамжай районунда жыл башында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун эки учуру катталып, зомбулук жасаган жарандарга коргоо ордери берилип, түшүндүрүү иштерин өткөрүлдү.  

Айкыз Калмурза кызы

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 2-январында Кадамжайдын Ирелеш айылында 22 жаштагы Айкыз күйөөсү тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Ал эми узаган 2023-жыл ичинде Кадамжай районунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 126 учуру катталып, 126 коргоо ордерлери тапшырылган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь