Милиция чөгүп бараткан баланы сактап калды

0
1003

Милиция кызматкери Абдисаит Абдираимов Кызыл-Кыя шаарынын тургунун көлдө чөгүп бараткан жеринен куткарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аман алып калды.

Кадамжай райондук милиция кызматкерлери күн сайын коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында Жийделик көлүндө иш алып барууда.

Көлгө эс алууга келген жарандарга сууга түшүү коопсуздугун сактоо керек экенин белгилеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрыкча ата-энеси же башка адамдардын коштоосу жок келген жаш өспүрүмдөрдү көзөмөлдөөдө деп айтылат, облустук милициянын маалыматында.

Жогорудагы көлдө жыл башынан бери 2 адам сууга чөгүп бирөөсү каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь