Баткен районунун чек арага чектеш айылдарында окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш чаралары жүрүүдө. Бул тууралу райондук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.
Зордук зомбулук, суицид, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган жолугушуу жергиликтүү милиция менен райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда өттү.
Аталган иш чара Ак-Сай жана Үч-Дөбө айыл аймагындагы орто мектептеринде уюштурулду.
Алдыда мындай иш чаралар райондун аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт-деп айтылат маалыматта.






