Бүгүн 10-октябрда, Ош шаарында «Медиа тынчтык үчүн» аталышында медиа кызматкерлери катышкан окутуу башталды. Окутуу “Борбордук Азиядагы талеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог долбоорунун”алкагында уюштурулган.
Долбоордун максаты, сабырдуулук менен бири-бирин түшүнүүнүнүн маанилүү экендиги туурасында маалыматты жогорулатууга, ошондой эле үч өлкөнүн чектеш райондорундагы жергиликтүү жарандык коомдун дараметин өстүрүү. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы көп тараптуу трансчекаралык диалогго жана кызматташтыкка көмөктөшүүгө багытталган.
Окутуу 12- октябрга чейин уланат. Ага Баткен облусунун чек ара маселелерин чагылдырган журналисттери да катышууда.
#медиатынчтыкүчүн