Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды

0
596

Жыйында негизги маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун коронавирустук инфекциянын жана башка мезгилдүү жугуштуу оорулардын күч алуусу ыктымалдыгына карата даярдыгы талкууланды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова социалдык блоктогу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда негизги маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун коронавирустук инфекциянын жана башка мезгилдүү жугуштуу оорулардын күч алуусу ыктымалдыгына карата даярдыгы талкууланды.

Кыргызстанда бир суткада 343 адамдан коронавирус аныкталды

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мекемелериндеги, спорттук мектептердеги окуу процессин жандандыруу, айрым социалдык программаларды каржылоо маселеси каралды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов эпидемиологиялык кырдаал күн сайын кооптонууну жаратканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан коронавирустук инфекцияга чалдыккан 49 528 киши катталган. Анын ичинде Бишкек, Чүй, Баткен жана Ош облустарында COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны көп болууда. Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз режимде жүргүзүлүүдө. Мында саламаттык сактоо тармагын, башка илдеттерден жабыркаган бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү жаатында каржылоо маселеси актуалдуу бойдон калууда», — деди Абдикаримов.

Ал эми билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектептердеги окууну эпидемиологиялык абалды жана окуучуларга социалдык обочолонууну камсыздоо шартына карап талдоо менен ишке киргизүү сунушталып жатканын айтты.

Кусеинова: абал тынчыса 6-класска чейинки окуучулар мектептен окуйт

«Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими талап кылынат жана мектептер Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө болот», — деди Исаков.

Исмаилова мамлекеттик орган жетекчилерине үзгүлтүксүз ишти камсыздоону, жарандардын укугун коргоого жана камсыздоого багытталган милдеттерди ыкчам чечүүнү, эки күндүк мөөнөттө кыска мөөнөттүү чараларды ишке ашыруу, ошондой эле тармактардагы көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарды кароого киргизүү тапшырмасын берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь