Кыргызгидромет кызматы 8-9 декабрь күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканын кабарлады. Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар түрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
8-11-декабрь күндөрү абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6° өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27° градус суук, күндүз -13…-18°, бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19 грдуска чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы авто унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.