Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында кышында электр энергиясы өчүрүлбөөрүн билдирди.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Ибраев, электр кубатын пайдалануу чегинен ашпаган учурларды эске албаганда, кышкысын өлкө боюнча электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр колдонулбайт деди.
Таалайбек Ибраев белгилегендей, бүгүнкү күндө “Мой свет” тиркемеси аркылуу ар бир абонент менен байланыш бар болгондуктан, жөнгө салуу чаралары тууралуу билдирмелер жөнөтүлүп турат.






