Өлкөдө 25-29-июлда жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт

0
341

25-июлдан 29-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Селден коргонуу үчүн төмөнкү коопсуздук чараларын сактаңыз:

— Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз.

— Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз.

— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине көңүл буруңуз.

— Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз.

— Мүмкүнчүлүк болсо, үйдөгү свет, суу жана газды өчүрүп чыгыңыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коопсуздук чараларын көрүүгө чакырат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь