Өлкө башчы Астана шаарына жумушчу сапары менен барды

0
343

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканга караганда, бул сапардын алкагында мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кечинде Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь