Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 2-июнь күнү саат 14:11де Лейлектин Кулунду айыл аймагынын Интернациональ айылында турак үйдүн кампасынан өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине саат 14:13дө 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучу атайын өрт өчүрүүчү унаасында чыгышып, саат 14:20да жетишкен. Саат 14:45де өрттү чектөөгө алышып, саат 15:59да өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты 180 чарчы метр. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.