Кечээ 5-январь күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Арка-2 айылында 32 жаштагы аял 11 жаштагы кызы менен үйүнүн короосун жыйнап жатып, жыйналып турган эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал жарылып кеткен. Натыйжада 32 жаштагы аялдын жүзү, кыздын буту жаракат алып, ооруканага түшкөн. Алардын абалы орто деп бааланууда.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ошол эле күнү Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын жолугушуусу болуп, анда жарылуу тууралуу тажик тарапка маалымат берилген.
Жарылуу орун алган үй 2022-жылы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн үйлөрдүн бири болгон. Мындан улам үйдүн ээси белгисиз жардыргыч зат Тажикстандын кол салуусунан улам калган болушу мүмкүн экендигин билдирген. Бул жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды.