Лейлектин Арка-2 айылында жардыргыч заттан жабыркаган эне-бала санавиация аркылуу Оштогу ооруканага жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрлик, бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле алардын абалы оор бойдон калып жатканын кошумчалады.