Лейлектеги сел 200дөй малды агызган

0
854

Кечээ, 19-май күнү саат 19:30дар чамасында катуу жааган жаандан улам   жүргөн сел, таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп кеткенин, натыйжада  Лейлек районунун Катраң-Коргон-Раззаков унаа жолу убактылуу жабылганы маалымдалган.

Ошондой эле Баул айылында сайдан келген сел, болжол менен 200 баш майда малды агызып кеткендиги айтылды.

Калыбына келтирүү иштеринин натыйжасында , жол каттамы бүгүн  саат 10:15де бир тараптуу ачылды.

Учурда  Баул айылындагы электр линияларын калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь