Лейлекте тарбиячы унаасы менен 6 баланы сүзүп кетти

0
1091

Бала бакчанын кызматкери 6  баланы койдуруп кетти.Бул туралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 15-июль күнү саат 11.30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери 43 жаштагы аял киши өзүнүн менчик Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын бала бакчанын короосуна көлөкө жерге коем деп айдап баратып, ойноп жаткан бала бакчанын 6 тарбиялануучусун койдуруп кеткен. Жыйынтыгында 6 бала денесинен жараат алып, Кулуңду айылдык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт боюнча  кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө   43жаштагы  аялдын айдоо күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди. Ал эми жабыркаган жаш балдардын бирөөсү оор абалда деп айтылат маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь