Милиция Лейлекте мыйзамсыз ок атуучу куралдарды алып жүргөн үч тургунду кармады. Алар К-12, К-16 жана К-32 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарды эч кандай документтерсиз, мыйзамсыз алып жүрүшкөн.
Мындан тышкары, аталган адамдар аңчылык сезону жабык болгонуна карабай, мыйзамсыз куралдар менен аңчылык кылышкан.
Бул факт боюнча Лейлек райондук милициясы кылмыш жаза кодексинин “куралды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.
Учурда ок атуучу куралдар алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.