Раззаковдун вице-мэри жана дагы эки мамлекеттик кызматкер жер сатууга айыпталып кармалды

0
1340

Лейлекте райондук билим берүү мекемесинин балансында турган жер участогун мыйзамсыз сатууга шектелип “Кадастр” мекемесинин  адиси, Раззаков шаарынын мэриясынын мурдагы кызматкери жана Раззаков шаарынын вице-мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Ага ылайык, кармалгандар, Раззаков шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын балансындагы 140 чарчы метр жер тилкеси түз сатуу-сатып алуу келишимин түзүү жолу менен Раззаков шаарынын тургунуна 40 миң сомго мыйзамсыз сатышкан. 

“ «Эксперт Групп» ЖЧКсынын көз карандысыз экспертинин корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин иш жүзүндөгү баасы аны сатуу учурунда 1 миллион 200 миң сомдон ашык болгон. Учурда  шектүүлөр, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарына карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.” – деп жазылат маалыматта. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь