Облустук милициядан бүгүн кабарлашканга караганда, буга чейин Лейлек районунун Арка-2 айылынын 58 жаштагы тургуну 9 баш бодо малы белгисиз жарандар тарабынан уурдалып кеткени тууралуу милицияга кайрылган.
Бул факт Лейлек РИИБинде кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Натыйжада райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш чараларды уюштуруп, бул кылмышка шектелген Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургунун кармаган.
Тергөө учурунда кармалгандар Тажикстандын Гофуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы тургуну менен ушул жылдын октябрында эле жети мал уурулук фактысын жасаганы белгилүү болгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектүү тажик жараны да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди жана тергөө амалдары уланууда.