Лейлекте коңшу өлкөгө өтүп кеткен малдар кайтарылды

0
1933

Бул тууралуу Облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык тажик тараптын алты баш бодо малы жана кыргыз тараптын үч уй, үч музоосу эки тараптын милиция кызматкерлеринин арасындагы сүйлөшүүдөн кийин өткөрүп берилди.

Сүйлөшүүлөр Лейлектин Арка айылы менен чектешкен Худжант-Канибадам унаа жолунда жүргүзүлдү. Жолугушууда эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганы эскертилип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө колго алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь