Лейлекте каза болгон жаран мүрзөсүнөн казылып алынып, өлүмүнө шектүүлөр кармалды

0
1485

Үстүбүздөгү жылдын 4-июнь күнү Лейлек районунун Катраң айылынын 57жаштагы тургуну, 38жаштагы уулун, эки айылдашы эс алууга алып чыгып кетип, өлтүрүп койду деген таризде милицияга арыз жазган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 28-майында “Козу-Баглан” эс алуу жайында үч айылдаш чогуу эс алып отуруп, спирт ичимдиктерин ичишип, өз ара пикир талашып кетишет. Алардын экөө уруша кетишкендиги, эртеси 29-май күнү Козу-

Баглан дарыясынан бирөөсүнүң жансыз денеси табылып, туугандары ошол эле күнү маркумду жерге бергендиги маалым болот.

57жаштагы арыздануучунун арызын негизинде текшерүү иштерин толук кандуу жүргүзүү максатында жерге берилип калган жансыз дененин алган жарааттарын аныктоо жана соттук медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн, тийиштүү орган, этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Лейлек райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан уруксат алынып, 7-июнь күнү жергиликтүү прокуратура, милиция кызматкерлеринин ошондой эле Баткен областык соттук-медициналык эксперттеринин катышуусунда, каза болгон жаранды мүрзөсүнөн кайра казуу иштери жүргүзүлгөн.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Катраң айылынын 36жаштагы тургуну убактылуу кармоо жайына киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь