Лейлекте акча уурдаган эки өспүрүм кармалды

0
772

Облустук милициянын маалыматына караганда,  Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну ооруканадан дарыланып үйүнө келсе, белгисиз жарандар тарабынан үйүндөгү 40миң сом акчасы жана азык-түлүктөрү уурдалгандыгын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факты КРнын  кылмыш жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен катталып, райондун инспекторлору тарабынан ошол эле айылдын жашы жете элек эки өспүрүм балдары аныкталып, кармалды.     

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь