Лейлекте 43 гектар жерди сугаруу үчүн “Шоро” насостук станциясы курулду

0
442

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына “Шоро” насос станциясын куруу үчүн, республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен  3,6 млн сом,  жергиликтүү бюджеттен  1млн сом бөлүнгөн.

Долбоордун алкагында  насостук станция жана 670 метрге суу түтүктөрү тартылган.

Шоро участкасы бийиктикте жайгашкандыктан, өз нугу менен суу чыкпайт. Аймакка  Советтер союзу мезгилинде  көчмө насостук станциясы аркылуу суу чыгарылып турган. Аталган станция эскилиги жетип, жараксыз абалга келген соң, суу таңкыстыгы жаралган. 

Учурда 110 кожолук жашаган аймакка Шоро булагынан суу чыгарылды. Белгилей кетсек Шоро участкасында Бешкент айыл аймагынын элдеринин  үлүш жерлери да бар.

Бул ирригациялык обьекттин курулушу менен,  жалпы  43,0 га жер аянты сугарылат. Тагыраагы  13,0 га сугат айдоо, 9,0 га бак-дарак, 9,0 га калктуу конуштун жерлери. 12,0 га жер жаңыдан  өздөштүрүлөт. Анын  8,0 га калктуу конуш үчүн, 4,0 га өндүрүштүк ишканалар үчүн жер аянты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь