Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, милиция Лейлектин Бешкент жана Эски-Овчу айылдарында эки гектар жерди карап чыгып, жалпы 300-400 килограмм жапайы өскөн кара куурайды өрттөп, жок кылды.
Бул аракет «Баңги кылуучу каражаттарды акыл эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” мыйзамдын 25-беренесине ылайык, жергиликтүү тургундардын бангилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жүргүзүлдү, – деп жазылат милициянын маалыматында.






