Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматында, кармалган жарандын үстүнөн 23 баш коюн саткан адам 2023-жылдын октябрь айынан бери акчасын бербей качып жүргөндүгүн айтып арыз менен кайрылган.
Бул арыз жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Учурда тергөө иштери уланууда.