Лейлекте 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу башталды 

0
734

Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Ага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Малыматка ылайык, мектептин жаңы имаратына мамлекеттик казынадан 70 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектептин абалы кооптуу болгондугуна байланыштуу ӨКМнин маниторинг жүргүзүү департаментинин 2021-жылдын 29-сентябрындагы корутундусу чыгарылып, жаңы мектеп салынуусу талапка ылайык деп көрсөтүлгөн. 

Учурда аталган мектепте 31 мугалим 11 техкызматкер эмгектенет жана 284 окуучу билим алууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь