Бул тууралуу Салам Медиага 2021 аскер бөлүгүнүн командири Каныбек Жумашев билдирди.
Ага ылайык, Лейлектин Кулунду айылынын 53 жаштагы тургуну бүгүн, 28-мартта түнкү саат 1:20лар чамасында, “Максат” чек ара заставасынын оң канатындагы Сарай жерлигинде, өзүнүн жүк ташуучу унаасы менен 14 баш буканы, Тажикстанга өткөрүп жаткан жеринен кармалды.
“Кармалган жарандын айтуусунда, букаларды Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Каражыгач айылынан сатып алган. Кармоо учурунда үч баш бука Тажикстан тарапка качып кирип кеткен, кезмет тосконго жетишпей калган.
Учурда кармалган жаран, унаа, жүгү менен Лейлек РИИБге өткөрүлүп берилди.” – деп айтылат маалыматта.