Кызыл-Кыяда турак үйдөн өрт чыкты

0
576

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргенге караганда, кечээ, 16-август күнү Кызыл-Кыя шаарында турак үй, жанындагы навес жана мал сарай өрттөнгөн. Тилсиз жоо саат 20:20да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 4 бөлмөлүү үйдүн чатырындагы 350 даана шифер, 120 даана стропила, 700 метр рейка жана 500 түк чөп чыгым болгон.

Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь