Кызыл-Кыяда тоноочулук боюнча издөөдө  жүргөн жаран кармалды

0
178

Кызыл-Кыяда 23 жаштагы тургунду тоноого шектелип, 22жаштагы тургун кармалды. 

Облустук милициянын маалыматына таянсак шектүү , 30-октябрда саат 23:30 чамасында 23 жаштагы тургундун 20 миң сомун жана Редми 9 үлгүсүндөгү кол телефонун  ачык эле тартып алып, тоноп кеткен.

Аталган факты боюнча жазык кодексинин Тоноочулук  менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланып, кармалган тургун Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь