Кызыл-Кыяда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын өспүрүмдөрү арасында баскетбол боюнча турнир өттү. Бул боюнча шаардык мэриядан кабарлашты.
Турнир “Газпром” ден-соолукту чыдоо борборунда өтүп, ага 2008-2009-жылы туулган мектеп окуучулары катышты. Оюн Президенттин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында жана Кызыл-Кыя шаарынын 126 жылдыгына карата уюштурулду. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.