Кызыл-Кыяда отургуч жанан урнаны талкалап кеткендер кармалды

0
1050

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

21-июнда Кызыл-Кыя шаарындагы “Достук” аллеясындагы үч даана отургуч жана бир даана урна белгисиз жарандар тарабынан талкаланган. 

Бул факты боюнча Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан иликтөө иштери жүрө баштаган.

Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы эки тургуну Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 22-июнь күнү аныкталып кармалган.

Учурда кармалган жаш өспүрүмдөгө тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь