Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка таянсак, бүгүн, 17-май күнү таңкы саат 04:55те Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан «Best KFS» кичи кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жерине Кызыл-Кыя шаарындагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн атайын өрт өчүрүүчү унаасы менен 2 өрт өчүрүүчү тартылган. Саат 05:18де өрт чектөөгө алынып, саат 05:53тө толугу менен өчүрүлгөн.
Натыйжада кичи кафеге жакын жайгашкан башка имараттар өрт коркунучунан сакталып калды -деп жазылат маалыматта.
Жалпы аянты 90 чарчы метрге жеткен тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда. Өрттөн жабыркагандар жок.