Кызыл-Кыяда батир ээсин “Муктаждыгыңды чечип беребиз” – деп 80 миң сомго алдаган эки жаран кармалды

0
17

Облустук милициянын маалыматына таянсак, Кызыл-Кыя шаарынын тургунун үйүндө убактылуу жашап турган Ош жана Жалал-Абад облустарынын 24 жана 38 жаштагы  тургундары 2024-жылдын август айларында “муктаждыгыңды чечип беребиз” деп батир ээсинен накталай акча алып, арадан 10 күн өткөндөн кийин электрондук капчыгына акча котортуп изин жашырып кетишкен. Натыйжада үй ээси жалпысынан 80 миң сомго зыянга учураган.

Бул факты боюнча, былтыр август айында жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, издөө иштери ачылган. 

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.