Кызыл-Кыяда алдамчылыкка жана бейбаштыкка шектелген тургун кармалды

0
375

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган шектүү  24 жаштагы жаранды коомдук жайда себепсиз уруп, анын автоунаасынын алдыңкы айнегин сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Андан кийин Ноокат районунун 40 жаштагы тургунунун Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаасын акчага баалап алып, акчасын бербей изин жашырып жүргөн.

Жогорудагы фактылар Кызыл-Кыя шаардык милициясы жазык кодексинин бейбаштык жана алдамчылык беренелери менен кылмыш иши козгоп, шектүүнү убактылуу кармоо жайына киргизди. Учурда  тергөө иштери уланып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь