Кызыл-Кыяда фермерлерди окуткан борбор ачылды

0
474

Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти. 

Ага ылайык, борбор «Эко азык» жоопкерчилиги чектелген коому менен биргеликте   ачылды. Аталган борбордон дыйкандар кулпунайды интенсивдүү ыкма менен тигүүнү окуп үйрөнөт жана тажрыйба алмашуу, өндүргөн продукцияны сатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Облустук бийликтин маалыматында, учурда Баткен районунда беш ишкер 10га жер аянтына, Кадамжай районунда 36 ишкер 18га жер аянтына жана Баткен шаарында 17 ишкер 2 га жер аянтына кулпунай өстүрүп келет.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь