Адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

0
1007

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айылынын 49 жаштагы тургуну Ноокаттын 42 жаштагы тургунун өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облусттук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, маркумдун сөөгү Таштемир-Ажы базарынын күн чыгыш тарабындагы Сухой-Сай тилкесиндеги эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинен табылган. Ошондой эле маркумдун  денесинде жаракаттар бар экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү буга чейин сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип,  учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь