11-августта Кызыл-Кыя шаарда 46 жаштагы тургунду өллтүрүүгө шектелип, мурда сот жообуна тартылган 22 жаштагы тургун кармалды.
Облустук милициянын маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү маркум менен спирттик ичимдик ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам, учтуу нерсе сайып жиберген. Натыйжада маркум көп кан жоготкондон улам каза болгону белгилүү болду.
Бул факты боюнча кылмыш жаза ккодексинин»Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда кылмыш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.