Кызыл-Кыя жылуулук ишканасы штаттык режимде иштеп жатат

0
410

Президентин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Кызыл-Кыя жылуулук ишканасынан кабар алды. Бул тууралуу облусттук бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылуулук ишканасы учурда шаардагы 30 мекеме ишкананы жана 42 көп кабаттуу үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө ишкана көмүр менен жылытылат. Ал учүн жылына 7 миң тонна көмүр керектелет.

Тимур Мадяров шаар  жана жылуулук ишканасынын жетекчилигине, ишкананын ишин үзгүлтүккө учуратпоо максатында кемчиликтерге жол бербөө, ар кандай кокустуктардын алдын алуу тапшырмасын койду.

Буга чейин ишкана реконструкциядан өткөн,электр энергиясы менен иштөөчү от казандары резервде сакталып турат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь