Кыштут айылына жаңы мектеп курулат

0
580

Баткен районуна караштуу Кыштут айылына эки кабаттуу мектеп курулат. Мектеп 150 окуучуга ылайыкталып, республикалык бюджеттен каржыланат. Аталган обьект 2023-окуу жылында толук пайдаланууга берилет. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Кыштут орто мектеби авариялык абалда болгонуна карабай окуу процессин улантып келет. Аталган мектеп элдик ашар жолу менен алгач 1928-жылы, кийинчерээк 1949 жана 1968-жылдары улам кайра оңдолуп салынган. Ал эми 1985-жылы 10 жылдык орто мектеп болуп ачылган. Мектеп 150 окуучуга ылайыкташтырылып курулган. Учурдагы аталган мектепте 195 окуучу билим алат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь