Кыргызстанда эл каттоо башталды

0
501

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкө боюнча башталган  Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун  каттоого катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен президент Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.

Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлер тартылды.

Жалпы республикалык өнөктүк  биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь